Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

Алматынын олимпиада өткөрүү мүмкүнчүлүгү сыналууда


Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөлөрү Алматы шаарына келlb. Аталган комитеттин мүчөсү, Орусиянын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Александр Жуков жетектеген комиссия 14-февралдан тарта спорттук объекттерди кыдырып, Алматынын олимпиада өткөрүү мүмкүнчүлүгүн байкашат. Казак бийликтери Алматы олимпиаданы өткөрүү укугуна ээ болсо, дүйнөлүк мелдештер үчүн 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшоого даяр экенин билдирген.

2022-жылкы кышкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкерлигин дүйнөнүн алты шаары: Стокгольм, Осло, Бээжин, Краков, Львов, Алматы көрсөткөн. Алардын ичинен иргелип отуруп, учурда Бээжин менен Алматы калды. Эми Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү бул эки шаардын мүмкүнчүлүгүн байкаган соң, 31-июлда 2022-жылкы дүйнөлүк оюндар өтө турган шаар жарыяланат. Кышкы оюндар 2022-жылдын февраль айында өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG