Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Кыргызстандын маданият тармагын 2020-жылга чейин өнүктүрүү боюнча иштеп чыккан стратегиялык программасын өкмөттүн жана адистердин талкуусуна койду.
Жыйын бүгүн Бишкекте Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында өтүп жатат. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева баштаган 70ге жакын киши театр, тарыхый мурастар, кино жана адабият багытында өз-өзүнчө иштелип чыккан иш-мерчемдер менен таанышууда.
Министрликтин басма сөз катчысы Канышай Бешбаева “Азаттыкка” билдиргендей, программанын өзөгүн “Маданият өлкөдөгү саясаттын күзгүсү” деген идея түзөт. (SE)