Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Обама АКШда үч мусулмандын өлтүрүлүшүн айыптады


Барак Обама.
Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама Түндүк Каролина штатында үч мусулман студенттин өлтүрүлүшүн “мээримсиздик жана акылга сыйбаган кылмыш” деп атады.

Обама эч ким диний ишенимине байланыштуу зомбулукка дуушар болбошу керектигин белгиледи.

10-февраль күнү Чапел Хилл шаарында 46 жаштагы Крэйг Стивен Хикс 23 жаштагы Шадди Баракат жана анын аялы 21 жаштагы Ясур Мухаммад менен Ясурдун сиңдиси, 19 жаштагы Разан Мухаммад Абу Салханы атып салган.

Мусулман активисттер Хикс студенттерди динчил жек көрүү сезими менен өлтүргөн болушу мүмкүн экенин айтып, муну тергөөдө аныктоо зарылдыгын талап кылып жатышат.

БУУ баш катчысы Пан Ги Мун курман болгон жаштардын адамдык сапатын жогору баалап, алар муктаждарга жардам берүү иштерине активдүү катышып келгенин айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG