Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Мечит жана чиркөөлөрдө ооганчылар эскерилди


Мамлекеттик чек ара кызматы ооганчыларга арнап уюштурган жыйындан бир көрүнүш. 14-февраль, 2014-жыл.
Мамлекеттик чек ара кызматы ооганчыларга арнап уюштурган жыйындан бир көрүнүш. 14-февраль, 2014-жыл.

Ооганстандагы согушка катышып келген жарандар бүгүн тутунган дини боюнча Бишкек шаарындагы мечит жана чиркөөлөргө барып, курман болгон катарлаштарын эскеришти. Алар согушта набыт кеткендерге багыштап куран окуп, дуба кылып, сыйынышты. Андан соң атайын уюштурулган митинг-реквиемге барышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин мүчөсү Үсөн Полотов билдирди.

Мэрия уюштурган эскерүү жыйыны “Ата-Түрк” паркындагы ооган согушунун ардагерлеринин урматына орнотулган эстеликтин жанында болууда.

Бүгүн, 15-февралда Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганына 26 жыл толду. Калаба учурунда "интернационалдык кызмат өтөөгө" 7 141 кыргызстандык жоокер жөнөтүлгөн. Анын 249у курман болуп, 504ү жараат алган. Маалыматтарга ылайык, төртөөнүн али күнчө дайыны жок.

Эскерүү иш-чаралары Кыргызстандын бүт аймактарында өтүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG