Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Украинада тынчтык келишими толук сакталган жок


Украинада тынчтык келишими күчүнө киргенден кийин жикчилдер он жолу өкмөт күчтөр тарапка ок чыгарып, келишим талаптарын бузду. Бул тууралуу Мамлекеттик башкы штабдан билдиришти. Ок атуулар адам өмүрүнө зыян келтирген жок. Ал эми жикчилдер ок атышпоо боюнча макулдашууну украиналык аскерлер бузуп жатканын айтууда.

Орусиячыл күчтөр “Донецк элдик республикасы” деп атап алган аймактын лидери Эдуард Басурин согуштук аракеттер Дебальцево шаарында катталганын билдирди.

Украина президенти 15-февралга караган түнү саат 00:00дө ок атууну токтотуу боюнча өкмөт күчтөрүнө буйрук берген.

12-февралда Минскиде Украина, Орусия, Франция жана Германия лидерлери согуш жүрүп жаткан аймакта 15-февралдан тарта ок атууну токтотууну макулдашкан. Порошенко Минск сүйлөшүүсү учурунда эгер тынчтык орнобосо, аскердик абал киргизилерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG