Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Дания борборунда полицияга ок чыгарган жаран өлтүрүлдү


Данияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Данияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Дания борборунда жекшемби күнү эртең менен Темир жол бекетине жакын аймакта полицияга ок чыгарган жаран күч кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлдү. Анын 14-февраль күнкү башалмандыктарга катышы бар же жок экени иликтенип жатат.

Ишемби күнү ислам дининдеги маселелер жана сөз эркиндиги боюнча семинар өтүп жаткан имаратка белгисиз кишилер ок атып, бир адам каза тапкан. Үч полиция кызматкери жараат алган. Семинарга швециялык сүрөтчү, Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын автору катары таанылган Ларс Вилкс менен Франциянын Даниядагы элчиси Франсуа Зимерей катышып жаткан болчу.

Ошол эле күнү кечинде белгисиз кишилер шаардык синагога имаратына ок атып, бир жаранды мерт кылышкан. Эки полиция жараат алган. Маалыматтарга ылайык, ок чыгаргандар эки киши болгон. Данияда бул окуяларга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG