Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча чемпионат башталды


Бүгүн, 15-февралда Бишкектеги Спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты башталды. Мамлекеттик спорт агенттигинен кабарлашкандай, ага Кыргызстандын бүт аймактарынан “спорт чеберлигине талапкер” наамынан жогорку даражага ээ күрөшчүлөр катышууда. Медалдар сегиз салмакта ойнотулат. Бүгүн 59, 71, 80 жана 98 килограмм салмактагы чемпиондор аныкталат. 16-февралда 66, 75, 85 жана 130 килограммдагы спортчулар беттешет.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен эл аралык турнирлерге катышуу үчүн улуттук кураманын мүчөлөрү аныкталмакчы. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG