Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Индияда турак үй кыйрап, 12 адамды басып калды


Курман болгондордун экөө жаш балдар. Оор жарадар болгон эки адам ооруканага жаткырылды.

Полициянын маалымдашынча, кырсык болгон кезде алар курулушу бүтөйүн деп калган көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында уктап жатышкан экен. Кырсык түндүктөгү Уттар Прадеш штатынын Мугхал-Сарай шаарында болду.

Индияда турак үйлөргө талап күчтүү, бирок курулуш иштери начар тескелгендиктен кээ бир фирмалар техникалык талаптарды сакташпайт.

Былтыр июлда Тамилнад штатында курулуш иштери жүрүп жаткан 12 кабат турак үй кыйрап, 55 киши жайран болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG