Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:33

Ооган согушунун ардагерлеринин катары суюлуп баратат


Кожобек Рыспаев ооганчыларды эскерүү жыйынында. 15-февраль, 2015-жыл. Бишкек.

Кожобек Рыспаев ооганчыларды эскерүү жыйынында. 15-февраль, 2015-жыл. Бишкек.

Ооганстандагы калабадан аман кайткан кыргызстандык 6892 жоокердин арасында согушта алган жараатынан улам миңге жакыны 50 жашка жетпей каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаарындагы Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Кожобек Рыспаев билдирди:

- Нерв жана жүрөк ооруларына чалдыгып, көпчүлүк катарлаштарыбыз көз жумуп жатат. Азыр алты миңге жетпеген ардагер бар,- дейт Рыспаев.

Кечээ, 15-февралда Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганына 26 жыл толду. Калаба учурунда "интернационалдык кызмат өтөөгө" 7141 кыргызстандык жоокер жөнөтүлгөн. Анын 249у курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөөнүн али күнчө дайыны жок. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG