Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

ИИМ экстремизмге каршы окутууларды өткөрүүдө


Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, жарандардын радикал агымдарга кирип кетүүсүн азайтуу максатында Ички иштер министрлигинин Онунчу башкы башкармалыгы коомчулук арасында атайын окуу-семинарларды өткөрө баштады. Өнөктүк УКМК жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте эл аралык Search for common ground (Жалпы кызыкчылыктарды издөө) уюмунун колдоосунда уюштурулуп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тренингдер Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында өткөрүлдү. Калган аймактарда ушул айда улантылат.

Күч органдарынын маалыматына ылайык, радикал топторго кошулуп Сириядагы согушка кетип жаткан кыргызстандыктар 200дөн ашып, 20дан көбү ошол жакта каза тапты. (SE)

XS
SM
MD
LG