Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:44

Бул тууралуу “Азаттыкка” Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан билдиришти. Айына жетпей төрөлгөн балдардын так саны же пайыздык көрсөткүчү жок. Бирок кош бойлуулуктун 37-аптасына чейин 2 килограмм салмактан аз төрөлгөн ымыркайлар көбөйө баштаганын адистер белгилешет.

Буга кыздардын эрте турмушка чыгуусу, миграциянын айынан 35-40 жашка чейин төрөбөй жүрүп, анан боюнда болгон аялдардын көбөйүшү себеп болууда. Ошондой эле бөйрөк оорулары, аз кандуулук, жугуштуу илдеттердин жайылышы, боюнда бар келиндердин ден соолукка кайдыгер мамиле жасап жатышы жана кош бойлуу учурда саякатка чыгуу да негизги фактор болуп жатат.

Жылына дүйнөдө 15 миллион ымыркай айына жетпей төрөлөт. (BCh\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG