Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Марттан тарта кызылчага каршы эмдөө башталат


Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги 1-марттан тарта кызылча илдетине каршы бирден жыйырма жашка чейинкилерди эмдөөнү баштайт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Эмдөөнүн биринчи этабы март айында кызылча илдети көбүрөөк жайылган Бишкекте жана Чүйдө, экинчиси апрель-майда өлкөнүн башка аймактарында жүргүзүлөт.

“Бул үчүн өлкөгө 840 миң доза вакцина алынып келинди. Аталган вакцияна дүйнөнүн 140 өлкөсүндө колдонулуп, эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун көрсөткөн”, - деп билдиришти министрликтен.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда кызылча менен ооругандардын саны 4 миӊден ашты. (МТо)

XS
SM
MD
LG