Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Чаткалдагы кароосуз шахтада 3 киши каза тапты


Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы кароосуз калган шахтада 3 адам газга ууланып каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматкери Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Маалыматка караганда, 14-февраль, кечки алтыларда сымап казганы шахтага 5 киши киришкен. Алар бир чакырым ичкери киргенден кийин газга уулана башташкан. Экөө качып чыкканга үлгүрүп, үчөө ошол жерден жан берген. Учурда териштирүү жүрүүдө. (RsK/MTo)

XS
SM
MD
LG