Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

БУУ Украина боюнча добуш берүүнү кийинкиге калтырды


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Украинанын чыгышындагы жаңжал боюнча резолюцияны кабыл алууну кийинкиге калтырды. Аны талкуулоо учурунда Малайзия өкүлдөрү үч жүзгө жакын адамдын өмүрүн алган Донецктеги былтыркы учак кырсыгын да резолюцияга кошууну сунуштады.

Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Майкл Гранттын айтымында, резолюцияны дагы талкулоо зарыл. Грант Британия Украинанын чыгышындагы кырдаалга тыкыр көз салып жатканын билдирди.

Ал эми Германиянын өкүлү Франк Вальтер Штайнмайер болсо аталган резолюция Украинанын чыгышындагы абалды турукташтырууга жардам берет деген ишенимин билдирди.

Резолюциянын долбоорун Орусия сунуштаган. Ал кабыл алынса, БУУнун Украина боюнча алгачкы резолюциясы болмок. Буга чейин сунушталган документтердин долбооруна Орусия каршы чыккандыктан кабыл алынган эмес.

XS
SM
MD
LG