Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Ала-Букада “Апамдын наны” аттуу акция өттү


Ала-Бука районунун чек ара бекеттеринде “Апамдын наны” аттуу акция өттү. Аны чек арачы айымдар жана райондогу активист айымдар биргеликте уюштурушту. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турат. Бул жолу чек арачыларга арнап жергиликтүү өнөрпоздор концерт коюп, акция уюштуруучулары аскер мөөнөтүн өтөп жаткандарга сый тамак уюштуруп, белектерин тапшырышты.

“Акциянын максаты - мөөнөтүн өтөп жаткандарга моралдык колдоо көрсөтүү. Ата-энеси алыста экенине карабай алар биздин балдарыбыз. Биздин камкордугубуз аларга бардык сыноолорду жеңүүдө күч берет”, - деп белгилешет уюштуруучулар.

“Көптөгөн балдар армия турмушуна кыйынчылык менен көнүшөт. “Апамдын наны” сыяктуу акциялар, аялдардын жылуу кеби балдардын армияга бат көнүшүнө өбөлгө”, - деп кошумчалады Ала-Бука чек ара отрядынын зардалы Замир Надырбеков.

XS
SM
MD
LG