Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Балдарын өлтүргөн аял бир нече мектепте иштеген


Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Амантур Акматов билдирди.

"Эң алгач Бишкектеги №49 мектепте, андан кийин 64-мектеп-гимназияда, андан кийин Ысык-Атадагы орто мектепте иштептир. Өткөн жылдын октябрынан тарта Бишкектеги №44 мектепте англис тилинен сабак берчү экен. Директору мектептеги үлгүлүү мугалимдердин бири болчу, эмне себептен мындай ишке барганына таң калып жатабыз деп айтты", - деди Акматов.

Билим берүү министрлиги бул боюнча атайын комиссия түзүп, тиешелүү маселелерди иликтей турган болууда.

Кечээ, 15-февралда Бишкектин Арча-Бешик конушунда жашаган 34 жаштагы келин 3 жаштагы уулун жана 4 жашар кызын бычактап салган. Милицияга көрсөтмө берип жатып ал, "кимдир бирөөлөрдүн балдарыңды өлтүр" деген үнү кулагына угулгандан улам ушундай жорукка барганын айтты. ИИМдин маалыматына караганда, И.А. аттуу бул келин Республикалык психиатриялык борбордон эки ирет дарылануудан өткөн. (МТо)

XS
SM
MD
LG