Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Украина: Эл аралык уюмдар тынчтык келишимин сактоого чакырды


ЕККУнун парламенттик ассамблеясы Украинанын чыгышындагы жаатташкан тараптарды ок атууну токтотуу боюнча келишимди сактоого чакырды. Ассамблеянын президенти Илкка Канерва Дебальцево шаарындагы ок атуунун токтобой жатканына тынчсыздануусун билдирди. “Алгачкы күндөрү ок атуу боюнча келишимди сактоо, анын кийинки мезгилдеги сакталышы үчүн чоң мааниге ээ болот” деп белгиледи Канерва.

Дал ушундай эле чакырык менен дүйшөмбүдө Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссарынын маалымат катчысы Майя Косьянчич да чыкты. Ал Минскте кабыл алынган келишимди кынтыксыз аткаруу зарылдыгын билдирди.

Ал ортодо чыгыштагы Дебальцево жана Горловка шаарларында ок атуу токтобой жатканын “Азаттыктын" кабарчылары билдирүүдө. Маалыматка ылайык, орусиячыл жикчилдер украин аскерлери ээлеген позицияларга ок ачууда. ЕККУнун байкоочулар миссиясы бул аймактан башка жерлерге тынчтык келишими сакталып жактанын билдиришти.

Германия, Франция, Украина жана Орусия жетекчилери 12-февралда Минскте Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен. Келишимде 15-февралда түн ортосунан тарта ок атууну токтотуп, үч апта аралыгында аймактагы оор техникаларды чыгаруу каралган.

XS
SM
MD
LG