Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

АКШ Орусия менен жикчилерди Украинада ок атууну токтотууга чакырды


Украинанын согуш тутанган аймагында жашап жаткан айым

Украинанын согуш тутанган аймагында жашап жаткан айым

Кошмо Штаттар тынчтык келишимине карабай Украина чыгышындагы Дебальцево шаарында абал кооптуу бойдон турганына тынчсыздануусун билдирди. Мамлекеттик департамент Орусияны жана жикчилерди ок атууну токтотуп, тынчтык келишиминин аткарылышы боюнча Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун миссиясы менен кызматташууга чакырды.

Кабарларга ылайык, тынчтык келишими күчүнө кирген 15-февралдан бери 112 жолу ок атуу болду. Бул үчүн Киев менен орусиячыл жикчилер бири бирин күнөөлөп жатат.

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин өкмөт күчтөрү макулдашуу талаптарын толук сактап жатканын, жикчилер Луганcк жана Донецк элдик республикалары деп атап алган аймакта орусиячыл күчтөр согуш аракеттерин улантып жатканын айтты.

Украин армиясынын өкүлү Reuters агенттигине маалымдагандай, ок атууну токтотуу боюнча келишим күчкө киргенден тарта эле беш аскер мерт кетип, 25и жараат алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG