Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Мугалимдердин психикасын текшерүү сунушталды


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан мугалимдердин психикалык абалы, ден-соолугу текшерилет. Ошондой эле мурда соттолгонбу же жокпу иликтөөгө алынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Эки күн мурун Бишкекте мугалим болуп иштеген аял психикалык оорудан улам өз балдарын өлтүрүп салганына байланыштуу республика аймагындагы бардык билим берүү кызматкерлерин текшерүү сунушу 16-февраль күнү министрликтин жыйынында айтылган.

Кыргызстанда 2207 мектепте 1 миллион 27 миң окуучу бар. Аларга 70 миңден ашуун мугалим сабак өтөт. Текшерүү качан башталары жакында аныкталат.

15-февраль күнү Бишкектин четиндеги Арча-Бешик конушунда 3 жаштагы уулун жана 4 жашар кызын бычактап өлтүргөн 34 жаштагы аял кармалган. Маалыматка ылайык, ал шаардагы бир мектепте англис тилинен сабак берип келген. Буга чейин ал Республикалык психикалык саламаттык борборунда эки ирет дарыланып чыкканы белгилүү болду. (SE)

XS
SM
MD
LG