Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:15

Интернетте дагы бир кыргызстандык мигрант кыздын мекендештеринин кордоосуна кабылганы тууралуу видео тарады. Дүйшөмбү күнү социалдык тармактарга жана айрым маалымат булактарына жарыяланган тасмада үч-төрт жигит бир кызды караңгыда сабаганы тартылган. Бети канжалаган кыз айланадагылардан кыргыз тилинде жардам сурайт. Аны уруп-тээп жаткандар да кыргызча сүйлөшөт. Видеонун соңунда жигиттер сабалган кызды калтырып качып кетишкен.

Окуя Орусияда болгону, бирок кайсы аймакта, качан тартылганы азырынча так эмес. Ички иштер министрлиги бул боюнча териштирүү башталганын “Азаттыкка” кабарлады.

2011-2012-жылдары Орусияда кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болуп, башка улуттагы эркектер менен мамиле курган кыргызстандык кыздарды кордоп-кодулаган тасмалар чыккан. Алар боюнча кылмыш иш козголуп, айрымдары кармалганы айтылган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG