Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:31

Кылмыш чөйрөсүнүн лидери Досоновго издөө салынды


Кадыр Досонов (ортодо) абактагы тополоң учурунда, Ош, 20-январь, 2012

Кадыр Досонов (ортодо) абактагы тополоң учурунда, Ош, 20-январь, 2012

Кылмыш дүйнөсүнүн Ош облусу боюнча лидери, “Женго” каймана аты бар Кадыр Досоновго издөө салынганын бүгүн “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматкери Рыскүл Жайлообекова билдирди. Ал кылмыш жасоого катышуу, адам өлтүрүү жана укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү боюнча шектелип, изделүүдө.

Кадыр Досоновго мурда да карактоо, маңзат соодасы жана адам уурдоого байланышкан оор айыптар тагылган. 2012-жылы ал Тажикстандан кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. 2013-жылы жазында Досоновду Ош шаар соту актап, боштондукка чыгарган. ИИМде бул иш кайрадан иликтенип, 2013-жылы июнь айында Досоновго кылмыштуу топ түзгөн деген берене боюнча иш козголуп, 21-ноябрдан тарта эл аралык издөө жарыяланган.

2014-жылдын башында Ошто мэр шайлоого эки күн калганда Кадыр Досонов капыстан пайда болуп, сот аны үй камагына чыгарган. Бул коомчулукта бир топ талкууга жем таштаган. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG