Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата акция өтөт


21-февралда Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата “Отко таазим” аттуу кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын уюштуруучуларынын бири Үрүстөм Кабылбеков билдирди.

Акциянын алкагында ”Жоокер ырын ырдайбыз” концерти өткөрүлүп, кайрылуу кабыл алынат. Максаты - КМШ өлкөлөрүнүн элинин арасында ынтымакты жана мекенчилдик сезимди кайра жандандыруу.

- СССРде кызмат кылган аскерлердин баарын Украинада болуп жаткан согушту токтотууга багышталган “Эсиңерге келгиле, полчандар” аттуу тынчтык чакырыгын колдоого үндөйбүз. Ошондой эле, Сириядагы согушка үндөө жана тартуу иштерин жүргүзүп жаткандарга бөгөт коюу максатында үгүт-насаат иштерин жүргүзүүгө милдеттүү түрдө жардам көрсөтүүгө чакырабыз,- деди Кабылбеков.

Аталган акцияга Коргоо министрлигинин Башкы штабынын аскерлерге тарбия берүү башкармалыгы, “Дүйнө генералдары тынчтык үчүн” ассоциациясы да катышат. (ZA)

XS
SM
MD
LG