Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54

Таяктан каза тапкан келин бүгүн 25ке чыкмак


15-февралда Бишкектин тургуну 24 жаштагы аялын сабап өлтүрүп алган. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыздын атасы Мамасадык Жолдошов билдирди. Анын айтымында, экспертиза ур-токмоктон улам келиндин ички органдары жабыркап, кабыргалары сынганын аныктаган.

- Өткөн жылы октябрда эле үйлөнүштү эле. Мурда да урушканынан элдештирип жүрчүмүн. Бүгүн, 17-февралда кызым 25ке чыкмак, - деди маркумдун атасы.

Ал эми К.Б. аттуу жигиттин апасы уулу аялын атайылап өлтүрбөгөнүн, окуя кокустан болгонун, баласы жазадан качпай милицияга өзү барганын айтууда.

Бишкек шаардык милициясы ал жигитке карата “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG