Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

Ош милициясы жергиликтүү телеканалга эскертүү берди


«Ош пирим» аймактык телеканалынан көрсөтүлгөн Ош шаардык милиция кызматкери менен денесин саткан кыздын кайым айтышкан видеосу коомчулукта талаш жаратты. Ал видео интернетке илинип, үч күндө 40 миң адам көргөн.

Берүү интернетке чыккандан кийин Ош милициясы телеканал жетекчилигине оозеки кайрылып, журналисттик этика жана бейтараптуулук стандартын сактоону эскерткен.

- Анткени телеканал мас абалдагы сойку кыздын милиция кызматкерин паракорлукка айыптап жаткан сөзүн эфирге берип, экинчи тарап катары милициянын расмий үнүн чыгарган эмес, - деди “Азаттыкка” облустук ИИБнин маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Ашырбаев.

Телеканалдын аткаруучу директору Тургунбай Алдакулов талаштуу видеодо журналисттик стандарттардын баары сакталгандыгын айтты. Бул арада видеодо көрсөтүлгөн милициянын үч кызматкеринин үстүнөн кызматтык териштирүү жүрүп жатканы маалым болду. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG