Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:53

Украина жаңжалында элдешүүнүн шарттары бузулууда


Украина -- Дебальцево шаарынын чет жакасы, 17-февраль, 2015.

Украина -- Дебальцево шаарынын чет жакасы, 17-февраль, 2015.

Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюмунун Украинадагы көзөмөл миссиясынын өкүлү Александр Хуг Донецк, Дебальцево жана Луганскинин айланасында элдешүүнүн шарттары сакталбай жатканын билдирди.

Украин армиясынын кабарына караганда, өткөн түнү жикчилдер Дебальцево шаарынын айланасында 15 жолу чабуул жасашты. Киев бийликтери акыркы 24 саатта беш аскери окко учканын маалымдады. Жикчилдер өз кезегинде украин армиясы акыркы 24 саатта Донецк аймагында элдешүүнүн шартын 17 жолу бузушканын билдирди.

Ал арада Орусия, Украина, Германия элдешүүнүн шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө ЕККУга мүмкүндүк берүү үчүн «конкреттүү» кадамдарга макулдашканы кабарланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG