Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Марста туруктуу жашоого талапкерлердин тизмеси такталууда


Марс-1 деп аталган барса келбестердин миссиясына арыз берген 202 миң кишиден 50 аял, 50 эркек тандалып алынды. Даниялык ишкер Бас Лансдорп колдогон жеке долбоордун максаты Марс планетасында туруктуу конуш түптөө болуп саналат. 2025-жылдан баштап, жыл сайын Марска төрттөн киши жөнөтүп туруу каралган. Келечекте ал жерде 40 чакты киши жашашы керек. Миссиянын сайтында айтылгандай, маектешүү мезгилинде талапкерлер коркунучтарды түшүнгөнүн, ынтымакташып жашай алаарын жана Жерге кайтып келбей турган сапарга эмне себептен барууну кааларын түшүндүрүүгө мүмкүндүк алышты. Талапкерлердин арасында АКШнын, Орусия, Иран, Ирак, Пакистан, Сербия, Украина өңдөнгөн өлкөлөрдүн жарандары бар.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG