Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Кыргыз оппозициясы Медакадемиядагы чырды сындады


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Медициналык академиянын жетекчилиги “Азаттык” радиосунун журналисттерине күч колдонуп, окуу жайдан айдап чыкканын Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү сынга алды. Кыймыл лидери Равшан Жээнбеков муну сөз эркиндигине бут тосуу катары баалап, коррупциялык былыктарды ачууга аракеттенген журналисттерге кол көтөргөндөрдүн жоопкерчилиги каралышы керектигин белгиледи.

17-февралда “Азаттык+” телекомандасы окуу жайлардагы коррупциялашкан жагдайларды иликтөө үчүн Медициналык академияга барып, ректор Ашыралы Зурдиновдон интервью алууга кирип баратканда окуу жайдын иш башкармалыгынын башчысы жана тартип сакчылары аларга күч колдонуп, окуу жайдан сыртка чыгарышкан.

Окуяга байланыштуу билим берүү жана илим министри Элвира Сариева ректордон түшүндүрмө берүүнү талап кылган. Болгон окуя видеого тартылып алынды. (UEz\SE)

XS
SM
MD
LG