Линктер

ишемби, 25-март, 2017 Бишкек убактысы 04:14

Улут аралык ынтымакты билим берүү аркылуу чыңдоо талкууланат


Улут аралык ынтымакты чыңдоо максатында Баткендеги мектептердин биринде өткөн иш-чара. 2013-жыл.

Улут аралык ынтымакты чыңдоо максатында Баткендеги мектептердин биринде өткөн иш-чара. 2013-жыл.

Кыргызстандагы этнос аралык ымаланы бекемдөөдө мугалимдердин ролун жогорулатуу темасында Бишкекте эки күндүк конференция өтөт. “Балдар укугун коргоо лигасы” коомдук фонду уюштуруп жаткан иш-чара 18-19-февраль күндөрү “Парк-Отель” комплексинде болмокчу. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун кызматкери Мээрим Шамудинова билдирди:

- Конференцияда улут аралык ынтымакты бекемдөө жаатында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чараларга талдоо жүргүзөбүз. Жаштар арасындагы чыр-чатактарды азайтуу боюнча мугалимдер кандай жаңы усулдарды колдонушу зарылдыгы талкууланып, сунуштар айтылат,- дейт Шамудинова.

Конференция “Кыргызстандагы чыр-чатактарды азайтуу” долбоорунун алкагында Улуу Британиянын Бишкектеги элчилигинин колдоосунда өтүп жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG