Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Ооганстанда 20 полициячы мерт кетти


Ооганстанда талиптердин кол салуулары тез-тез кайталанат. Кундуз аймагындагы жардыруу, 10-февраль, 2015-жыл.

Ооганстанда талиптердин кол салуулары тез-тез кайталанат. Кундуз аймагындагы жардыруу, 10-февраль, 2015-жыл.

Мамлекет чыгышындагы Логар провинциясында полиция кеңсесине дүйшөмбү күнү согушкерлер кол салып, бери дегенде 20 тартип сакчысы каза тапты. Жергиликтүү бийликтин басма сөз катчысы Дин Мухаммад Дервиш сокку уюштурган төрт жанкечти менен кармашуу учурунда дагы 8 күч кызматкери жаракат алганын, алардын абалы оор экендигин белгиледи.

Аймактык кеңештин өкүлү Абдул Валинин айтымында, кол салууну уюштурган согушкерлер полиция кийиминде болгондуктан коопсуздук кызматкерлери аларга көңүл бурган эмес.

16-февраль күнү да талиптер Кандагар облусундагы Майванд районунда жайгашкан өткөрүү-көзөмөл пунктунда 6 полиция кызматкерин өлтүргөн болчу. 17-февралда Кабул шаарында бомба орнотулган унаадан бир тургун жаракат алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG