Линктер

бейшемби, 23-март, 2017 Бишкек убактысы 22:41

Ошто жардыргыч зат менен кармалган жаран сурак берүүдө


Ош шаарында 16-февраль күнү эки граната менен колго түшкөн жергиликтүү тургун “мыйзамсыз курал сактаган” деген айып менен камакка алынды. Шаардык ИИБнын маалымат кызматынан билдиришкендей, мурда соттолгон 31 жаштагы жаран РГД-5 үлгүсүндөгү гранаталарды сатуу үчүн кардар издеп жүргөн жеринен кармалган. Учурда гранаталардын кайдан алынганы тууралуу маалымат текшерилүүдө.

Бир күн мурда Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын 24 жаштагы тургуну 16 калибрлүү мылтыкты 16 огу менен сактап жүргөнү аныкталып колго түшкөн болчу. (YI\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG