Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Ала-Тоо конушундагы жол салынып бүтө электе бузула баштады


Бишкектин четиндеги Ала-Тоо конушундагы 1,7 чакырым жолдун асфальты толук салынып бүтө электе бузула баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Насирдин Айсаев билдирди.

Анын айтымында, жолду оңдоо үчүн тендерди уткан “Грандстат” ЖЧКсы ишти туура эмес жүргүзгөн.

- Өткөн жылы ноябрда, кар жаап атканда асфальттын биринчи катмарын басып башташкан. Бул техникалык нормаларга жооп берет дешкен. Эми чилде чыгып кар эригенде асфальт жарылып, жол бузулду. Биринчи катмары үчүн 69 млн. сомдун 33 миллиону сарпталган болчу, - деди Айсаев.

Жол бүтө элек жатып эле бузула баштаганын “Азаттыкка” шаар мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов да тактап, бузулган жерлерин компания өз каражатына бүтүрөрүн убада кылды. Анын айтымында, тендер кеч өткөрүлгөндүктөн жол курулушу ноябрда башталган.

- Биринчи катмарды жакшылап бүтүрүп, лабораториядан өткөрүп беришмейинче, экинчи катмарга каралган 36 млн. сом бөлүнбөйт, - деди Өмүрканов. (МТо)

XS
SM
MD
LG