Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:24

Оторбаев Сариеванын өтүнүчү менен таанышууда


Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Медициналык академиянын ректору Ашыралы Зурдиновду жоопко тартуу боюнча өтүнүч менен таанышууда. Азырынча чечим чыгарыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Гүлнура Торалиева билдирди.

- Менимче чечим кабыл алууга бир нече убакыт кетет. Анткени буга байланышы бар адамдар менен сүйлөшүп, маселени тыкыр иликтөөгө убакыт керек, - деди Торалиева.

Кечээ, 17-февралда, “Азаттык+” телекомандасы окуу жайлардагы коррупциялашкан жагдайларды иликтөө үчүн Медициналык академияга барган. Бирок окуу жайдын иш башкармалыгынын башчысы Мурат Сулайманов жана башка кызматкерлер журналисттерге тоскоолдук кылып, камераларын тартып алууга аракет кылган.

Андан соң күч колдонуп, окуу жайдан сыртка чыгарышкан. Окуу жайдын иш башкармалыгынын башчысы Мурат Сулайманов учурдан пайдаланып, операторду бир нече жолу бөйрөккө муштап, кабарчыны да уруп-сабоого аракет жасаган.

Бул боюнча билим берүү министри Элвира Сариева өкмөт башчыга кайрылып, Зурдиновго сөгүш берүүнү өтүнгөн. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG