Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Украин армиясы Дебальцоводон чыгып жатканы кабарланууда


Украина -- Артемовскийден Дебальцевого жол тарткан украин аскерлери, 17-февраль, 2015.

Украина -- Артемовскийден Дебальцевого жол тарткан украин аскерлери, 17-февраль, 2015.

Украин аскерлери өлкө чыгышындагы стратегиялык шаар - Дебальцеводон чыгып кетүүдө. Бул жөнүндө Украин парламентинин мүчөсү, өкмөтчүл “Донбасс” батальонунун командири Семен Семенченко бүгүн Фэйсбукта маалымдады. “Аскерлер Дебальцеводон ирээттүү чыгып кетүүдө, бирок орусиячыл жикчилдер жолду бууганга аракет кылууда,” - деп жазат ал.

Украинанын коргоо министрлиги Дебальцево районунда согуштук операциялар жүрүүдө деп билдирди. Козголоңчулардын кабарлашынча, жүздөгөн украин аскери камоого алынган.

Дебальцево козголоңчулардын көзөмөлүндөгү Донецк жана Луганск облустарын туташтырган кан жолдогу маанилүү байланыш түйүнү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG