Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Москвада кыргыз мигранттары патент алууга кызыкпай жатканы изилденүүдө


Москвадагы кыргыз мигранттары

Москвадагы кыргыз мигранттары

Москвада Орусияда иштөөгө укук берген эмгек патентин алып жаткандардын 3 пайызы гана кыргызстандыктар экенин “Азаттыкка” аталган борбордун директоруна шилтеме жасап, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин 2-катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, Москвада саны жагынан өзбекстандык, тажикстандык мигранттардан кийинки орунда турган кыргызстандыктар эмне үчүн патент алууга кызыкпай жатканы анализделүүдө.

“Алдын-ала божомолдорго караганда, кыргызстандыктар майга чейин патент албай коё турууну чечип, Кыргызстанга кетип жатышат. Авиакассалардагы билеттер 7-10 күн алдын-ала сатылып кетүүдө. Буга патент алуудагы кыйынчылыктар себеп болгондой”, - дейт Кулукеева.

Учурда Москвада мигранттарга бир гана шаардан 60 чакырым алыстагы Сахароводогу миграциялык борбордон патент берилүүдө.

Кыргызстан май айында Евразия эркин экономикалык аймагына киргенден тарта мигранттар патентсиз иштей баштары айтылган. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG