Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:51

Тажикстанда Бадан байбиченин 115 жылдыгы белгиленет


115 жаштагы Бадан Исматова

115 жаштагы Бадан Исматова

Абдурахмон Жами районунун жетекчилиги мааракени 8-мартта өткөрмөк болууда. Теги вахштык Бадан Иматованын ырасташынча, ал 1900-жылы туулган. Байбиченин “Азаттык” радиосунун Тажик кызматына айтымында, өзүнөн 20 жаш улуу Дамулло Султонвазирге күйөөгө чыкканда ал 15 жашта болгон. Байбиченин улуу уулу 18-февралда 90 жашка толду. 51 жаштагы кенже уулу азыр Орусияда эмгектенип жүрөт.

Байбиченин айтышынча, ал жумасына 7 жуп жүн байпак (жураб) согуп сатат.

Тажикстанда жарандарды паспорттоштуруу 1950-жылдары гана жүргүзүлгөндүктөн, Бадан Иматованын так жашын аныктоо мүмкүн эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG