Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Грек-рим күрөшүнүн балбандары Венгрияга машыгууга барат


Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын Улуттук курамасынын мүчөлөрү 22-февралда Венгрияга окуу-машыгууга жөнөп кетерин “Азаттыкка” улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Канат Бегалиев билдирди.

Анын айтымында, бул окуу-машыгуу апрелде Катарда болчу Азия чемпиондугуна даярдык катары өткөрүлөт. Машыгуу менен кошо алар 18 мамлекет катышкан эл аралык мелдеште күч сынашат.

“Быйыл Венгриядан тышкары бир нече өлкөгө окуу-машыгууга барууну пландап жатабыз. Азия жана дүйнө чемпиондугунда байгелүү орундарга жетишүү үчүн балбандарыбыз жакшы даярдык көрүшү керек. Дүйнө чемпиондугунда 2016-жылы Бразилияда боло турган Олимпиадага лицензия берилет”, - дейт Бегалиев.

Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу сентябрь айында АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG