Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Порошенко: Дебальцоводон аскерлерди чыгаруу операциясы аяктады


Украинанын өкмөттүк күчтөрү өлкө чыгышындагы Дебальцево шаарынан “пландуу жана уюмдашып” чыгып кеткенин президент Петро Порошенко 18-февралда билдирди:

- Бүгүн эртең менен Украинанын аскер күчтөрү Улуттук гвардия менен биргеликте Дебальцеводогу бөлүктөрүн пландуу жана уюмдашып чыгаруу операциясын аяктады. Ушу тапта бөлүктөрдүн 80 проценти чыгарылды деп айта алабыз. Дагы эки конвой чыгарылып бүтүш керек.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерининин айтымында, Москва колдогон жикчилердин Дебальцеводогу аракети менен Чыгыш Украинада ок атууларды токтотуу жөнүндө 12-февралда кол коюлган Минск келишимин “ачыктан ачык бузушту.” Эгер согуш токтотулбай, Минск келишимин бузуу улана берсе, Европа Биримдиги тийиштүү чара көргөнгө даяр, деп эскертти Могерини айым.

Дебальцево Донецк жана Луганск облустарын туташтырган кан жолдогу стратегиялык шаар.

XS
SM
MD
LG