Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


19-20-февралда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каракол-Эңилчек, Казарман-Акталчат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

19-февралда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдордо тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 3...8,

Баткенде түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7,

Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -1...-6,

Бийик тоолуу райондордо -19...-24, күндүз -3...-8 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүзү 7…9 градус

XS
SM
MD
LG