Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:25

Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу Апаз Жайнаковдун туулган күнүнүн 55 жылдыгына карата Баткен облусунун аймагында иш-чаралар башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук акимчиликтен билдиришти.

Маарекени белгилөө үчүн жогорку окуу жайларда, аскердик бөлүктөрдө, мекеме-ишканаларда обончунун ырлары боюнча сынактар уюштурулуп, концерттер өткөрүлөт. Жыйынтыктоочу иш-чара 6-мартта Апаз Жайнаков атындагы облустук музыкалык-драмалык театрда өткөрүлөт.

Белгилүү ырчы жана обончу Апаз Жайнаков 2013-жылы 52 жашында катуу оорудан кайтыш болгон. Жайнаков элдик гимн катары ырдалып жүргөн "Кыргыз жери" баштаган 30га жакын белгилүү ырлардын автору. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG