Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

Стамбул аэропорту кайра ачылды


18-февралда борошолоп жааган кардан улам үч саатка бардык каттамдар токтотулган болчу. "Түркия аба жолдору" компаниясынын маалымдашынча, 18-19-февраль күндөрү учуучу 200 авиарейс болбойт.

Стамбулдун "Ататүрк" атындагы аэропорту Түркиянын негизги аба дарбазасы саналат.

Шаршемби күндөн бери жааган кардын кесепетинен Стамбулда коомдук транспорт, анын ичинде жүргүнчүлөрдү тартчу кемелер жүрбөй, кан жолдордо автомобилдердин узун тыгындары пайда болгону да кабарланууда.

Борошологон кар алыс аралыкта көрүүгө мүмкүндүк бербегендиктен Босфор кысыгы аркылуу кемелердин өтүүсү да чектелди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG