Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Азербайжандык укук коргоочу Лейла Юнус дагы беш ай абакта кармалат


Ариф, Лейла жана Динара Юсуф
Ариф, Лейла жана Динара Юсуф

Азербайжан соту адам укугун коргоочу Лейла Юнусту тергөө абагында кармоону дагы беш айга узартты. Ошондо Лейла Юнус 28-июлга чейин абакта болорун “Азаттык” радиосунун Азербайжан кызматына адвокат Элчин Гамбаров шаршемби күнү билдирди.

59 жаштагы Лейла Юнус бийлик каттоодон өткөрбөй койгон Бакудагы Тынчтык жана демократия институтунун негиздөөчүсү. Ал 2014-жылы июлда Азербайжандын кан душманы Армениянын пайдасына тыңчылык кылган деп, камакка алынган. Лейла Юнустун күйөөсү Ариф дагы ушундай кине менен камакта жатат. Жубайлар саясий негизде камакка алынганын айтышат.

Адвокаттар Лейла ханум абакта уруп-сабалганын жана өпкө илдети күчөгөнүнө карабай, медициналык жардам алууга уруксат берилбегенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG