Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Аманбаев: Жашы жетелек кыздарды камакка алуу - мыйзамсыз


Балдардын укуктары боюнча Конвенцияга, Балдар Кодексине ылайык, тергөө жүрүп жаткан учурда жашы жетелек кызды убактылуу кармоочу жайда кармаганга болбойт. Ошондуктан, акыйкатчы басым жасап жатат деген доомат негизсиз. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Бакыт Аманбаев билдирди.

“Эгер камакка ала турган болсо аны СИЗОдо эмес, атайын жайда кармашы керек. төрт айдан бери күнөөсү далилдене элек, жашы жетелек кыз камакта отурганы туура эмес. Ал кызды камабай туруп эле тергөө иштерин жүргүзө берсе болот”. деди Аманбаев.

Мурдараак Талас облустук соту ишкер Райкан Алкановго кол салды деп шектелгендердин бири, 16 жаштагы кызды өлкөдөн сыртка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон. Алкановдун жактоочусу чечим Акыйкатчынын басымы астында мыйзамсыз кабыл алынды деп билдирүү тараткан.

Ишкер Алканов өткөн жылдын октябрында ишкер Райкан Алкановго Таластагы үйүндө кол салышып, бир нече ирет бычактап кетишкен. Бул боюнча шектелип, 16 жана 17 жаштагы эки кыз, 33 жаштагы келин кармалган. Кармалгандар күнөөлөрү жок экенин айтышууда. (МТо)

XS
SM
MD
LG