Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:35

Жунусов Коргоо кеңешинин катчылыгынан бошотулду


19-февралда Бейшенбай Жунусов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Коргоо кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мурдараак президент Алмазбек Атамбаев Жунусовдун талапкерлигин маңзаттарды жана психотроптук каражаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбор Азиядагы координациялык борбордун директорлугуна жөнөтүү боюнча чечим кабыл алган.

Координациялык уюм Борбор Азия, Орусия жана Азербайжан өлкөлөрүндөгү маңзатка каршы күрөшүүнү координациялайт. Борбордун катчылыгы Алматы шаарында жайгашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG