Линктер

logo-print
шаршемби, 30-ноябрь, 2016 Бишкек убактысы 15:31

Украин президенти өлкөнүн чыгышындагы кылдын учунда турган элдешүү келишимин бекемдөө үчүн эл аралык бейпилдик күчтөрүн киргизүүгө чакырды. Кечээки чукул чакырылган коопсуздук жыйынында президент Петро Порошенко «Бириккен Улуттар Уюмунун тапшырмасы менен Европа биримдигинин полиция миссиясын киргизүү максатка ылайык болот» деди. Орусияны колдогон жикчилдер бул сунушту четке кагып, тынчтык күчтөрүнүн киригизилиши «Минскте өткөн аптада жетишилген элдешүүнүн шартына каршы келет» дешти.

Ал эми Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин «Порошенконун сунушу Украинанын Минск келишимин аткаруу ниетинен суроо туудурат» деди. Украина бул сунушту Девальцево шаарынан украин аскерлери чыгып кетүүгө мажбур болгондон кийин киргизүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG