Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Британия: Балтика өлкөлөрүнө Орусия чoң коркунуч келтирүүдө


Британиянын коргоо министри Майкл Фэлон Орусия Балтика өлкөлөрүнө «ушул тапта реалдуу» коркунуч келтиргендиктен, НАТО аларга каршы чабуулга даярданып жаткандыгын бышыктады. Фэлондун айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин жең ичинен Эстония, Латвия, Литвадагы кырдаалды бейстабилдештирүү тактикасын колдонушу мүмкүн деди. Сиерра Леонго сапары мезгилинде Британиянын башкы дипломаты Орусия Балтияда Крым менен чыгыш Украинадагы тактикасын колдонушу мүмкүн экендигин белгилеп, «НАТО Орусиянын ар кандай агрессиясына» даяр туруш керек деди.

XS
SM
MD
LG