Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Тбилиси Орусиянын Түштүк Осетия менен келишимин айыптады


Грузиянын тышкы иштер министрлиги Москвада кечээ жетишилген Орусия менен Түштүк Осетия жумуриятынын ортосунда кол коюлган «мамлекеттик чек ара» келишимин айыптаган билдирүү таркатты. Министрлик бул окуяны «Грузиянын өз алдынчалыгына жана аймактык биримдигине каршы багытталган дагы бир кадам» деп мүнөздөдү. Билдирүүдө ошондой эле «Орусия Түштүк Осетия менен катар Абхазияны иш жүзүндө аннексиялап алгандыгын жымсалдап жатат» деп айтылды.

Ноябрда Москва Абхазиянын жикчил өкмөтү менен «союздаштык жана стратегиялык кызматташттык» келишимине кол койгон эле. Орусия аталган эки жумуриятты 2008-жылдагы Грузия менен согуштан кийин өз алдынча мамлекет деп тааныган.

XS
SM
MD
LG