Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

Бир катар соттор иштен алынды


Президент Алмазбек Атамбаев Соттор кеңешинин сунушу менен бир катар сотторду кызматынан бошотконун өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Кадырали Жапакбаев Соттор кеңеши аны жоопко тартуу үчүн Башкы прокуратурага уруксат бергенине байланыштуу кызматынан четтетилди.

Буга чейин Жапакбаевдин үстүнөн Аксы райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Эрланбек Токтосунов арызданып, облсот төрагасы жана прокуратура кызматкери андан 10 миң доллар талап кылып, анын 3 миң долларын алышканын билдирген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура Жапакбаевди жоопко тартууга уруксат берүүнү өтүнүп, Соттор кеңешине кайрылган.

Мындан тышкары Өзгөн районунун соту Немат Катаганов мурда соттолгондугун жашырып жүргөндүгү үчүн кызматынан алынды.

Ал эми Бишкек шаарынын Свердлов районунун соту Айнура Саралинова ден соолугуна байланыштуу ээлеген ордунан бошотулду. (МТо)

XS
SM
MD
LG