Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Нусупов: 2014-жылы бардык паспорттор мыйзамдуу берилген


2014-жылы өлкө жарандарына бардык паспорттор мыйзамдуу берилген. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынын ыкчам документтештирүү бөлүмүнүн башчысы Максат Нусупов билдирди.

- Укук коргоо органдары таратып аткан маалымат бизге түшүнүксүз. Анткени 2014-жылы жарандарга паспорттор мыйзамдуу берилген. Анын мыйзамсыз берилгендигин сот гана аныктайт. Көбүнчө паспорт алгандар Орусиянын кара тизмесине түшүп, кайра ал өлкөгө кирүү үчүн аты-жөнүн алмаштыргандар. Жарандар кааласа аты-жөнүн алмаштырып, башка паспорт алууга укугу бар.

Бүгүн УКМК Мамлекеттик каттоо кызматы жана Социалдык фонд 2014-жылы 7 миң ашуун жалпы атуулдук паспорт жана идентификациялык номерлер мыйзамсыз берилгендигин маалымдаган. УКМК өкүлү Рахат Сулайманов паспорт алгандардын 500ү текшерилгенин, алардын арасында издөөдөгү эки адам жана мурда соттолгон ондон ашуун адам бар экендиги аныкталганын билдирген.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2014-жылы 194 670 жалпы жарандык, 300 675 ички жарандык паспорт берилген.(МТо/AzK)

XS
SM
MD
LG