Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Уурдалган тасманын нускасы менен "Синематикадагы" нуска дал келүүдө


"Курманжан Датка" тасмасынан алынган сүрөт.
"Курманжан Датка" тасмасынан алынган сүрөт.

“Курманжан Датканын” уурдалган нускасы менен “Синематикадагы” нуска дал келүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык кино фондусунун жетекчиси Урмат Айталиев билдирди.

- Тасма ар бир кинотеатрларга берилгенде ар башка белги коюлат. Ошондон улам “Курманжан Датка” интернетке “Синематика” кинотеатрлар тармагынан тараган деген алдын ала болжолдор бар. Бирок муну күч органдары текшерип, экспертизадан өткөрүшү керек. Бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Жакында алар жооп берсе керек, - деди Айталиев.

Айталиев мындан тышкары, тасманы соода жайларында мыйзамсыз сатып жаткан төрт адам да аныкталганын кошумчалады.

“Курманжан Датка” көркөм-тарыхый тасмасы январь айында уурдалып, интернетке тарап кеткен. Авторлор уурулардын кесепетинен фильм алдыдагы бир топ кинофестивалдардан жана прокаттан түшчү каражаттан кол жууганын билдиришкен. “Курманжан Датка” мамлекет тарабынан бөлүнгөн 70 млн. сомго тартылып, өткөн жылдын 31-августунан көрсөтүлө баштаган. Ушу кезге чейин 30 млн. сом топтогон. (МТо/SA)

XS
SM
MD
LG