Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Британия: орус учактары өлкөнүн аба мейкиндигин бузду


Британия орусиялык согуш учактарына каршы өз учактарын учурууга мажбур болду. Британиянын Коргонуу министрлиги билдиргендей, кечээ узак аралыкка учуучу эки орусиялык «Аюу» бомбалоочу учагы Англиянын түштүк жээгине жакын учуп келгенде, Падышачыл Аба күчтөрүнүн учактары жөнөтүлүп, экөөнү Британиялык «кызыкчылык аймагынан» узатып чыгууга мажбур болду.

Бул орус учактарынын Британиянын аба мейкиндигине быйыл экинчи жолу кирип келиши.

Бүгүн Британиянын коргонуу министри Майкл Фэлон Орусия Балтияда Крым менен Чыгыш Украинадагы тактикасын колдонушу мүмкүн экендигин белгилеп, «НАТО бул өлкөнүн ар кандай агрессиясына» даяр туруш керек деген эле.

XS
SM
MD
LG